Биз социалдык тармакта

«Байлото» компаниясы Токмоктогу балдар үйүнө жардам көрсөттү

Кесиптик лотереянын оператору болгон «Байлото» компаниясы Токмок шаарындагы «Бактылуу балалык» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жаңы кийим-кече жана спорттук бут кийимдерди тапшырды. Бул мекемеде 3 жаштан 18 жашка чейинки 20 бала жашайт.

Компаниянын өкүлдөрү балдар үйүнө 18-сентябрда келишти. Ага чейин мекеме жетекчилигинен учурда кандай жардамга муктаж экенин сурашкан, алар балдарга, биринчи кезекте, бут кийим жана мектепке керектүү кийим-кече зарыл экенин билдиришкен.

Ошого ылайык, суралган жардам көрсөтүлдү: ар бир тарбиялануучуга бирден комплект, жалпы 20 жуп спорттук бут кийим жана 20 поло көйнөк алып барышты.

Компаниянын кызматкерлери балдар жана балдар үйүнүн кызматкерлери менен баарлашып, белектерин тапшырышты.

«Бул жерде жыйырма бала тарбияланган конкреттүү балдар үйү бар, аларга мектепке баруу үчүн бут кийим керек болгон. Биз бул муктаждыкты камсыздай алабыз — камсыздадык», — деп белгиледи «Байлото» компаниясынын өкүлү Адилет Темирланов.

«Бактылуу балалык» — Токмок шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү. Ал 2007-жылдан бери иштеп келет жана 16 балага ылайыкталган, учурда бул жерде 20 тарбиялануучу — жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашайт.

Иштеген жылдар аралыгында мекеме жүздөн ашык баланы бүтүрүп чыгарган, алардын айрымдары Бишкек жана Токмок шаарларындагы жогорку окуу жайларда жана лицейлерде окуусун улантып жатышат, айрымдары чет өлкөлөрдө билим алышууда. Бүтүрүүчүлөр балдар үйү менен байланышын үзбөй, окууну аяктагандан кийин да колдоо үчүн кайрылып турушат.

«Балдарыбызга көңүл буруп, кам көргөнү үчүн „Байлото“ компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын ар биринин өзүнүн татаал тарыхы бар. Ошондуктан аларды эстеп, жөн гана сөз менен эмес, конкреттүү иштер менен жардам берип жатканы өзгөчө маанилүү», — деди балдар үйүнүн жетекчиси Элмира Тынаева.

Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — «Кыргызлото» мамлекеттик ишканасы. Оператору — 2025-жылдын 30-октябрындагы №19 келишимдин негизинде иш алып барган «ГЛП» ЖЧКсы («Байлото»). Компания тууралуу маалыматты «Байлото» компаниясынын расмий сайтынан жана Instagram социалдык тармагындагы @baylotokg расмий баракчасынан алууга болот.

Лотереяга 18 жаштан баштап катышууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан