Бишкекте “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу ушу чеберчилигинин фестивалы өтөт

20-21-февралда Бишкек шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук "Сейтек" борборунда “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу ушу чеберчилигинин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул фестивалга 300гө жакын 5тен 70 жашка чейинки адамдар ушунун ар кандай түрлөрү боюнча өз өнөрлөрүн атайын калыстар тобуна көргөзүшмөкчү. Ал эми калыстар фестивалдын катышуучуларынын өнөрлөрүн техникалык жана театралдык жактан баалай тургандыгы айтылды. Айта кетсек, бул иш-чара 2006-жылдан бери уюштурулуп келет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан