17-февралда Бишкек шаарынын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча Өлкө чемпиондугунун биринчи күнүндө 4 алтын медалдын ээлери аныкталды. Алар: Улукман Маматов (66), Абдусомад Жумабеков (55), Бекжан Мээрбеков (84) жана Айаал Лазарев (120). Маалым болгондой, иш-чаранын биринчи күнүндө 55, 66, 84 жана 120 салмакка чейинки 119 күрөшчү оюн көргөзүшкөн. Эркин күрөш боюнча Өлкө чемпиондугунун экинчи күнү бүгүн улантылат, анда 60, 74 жана 96 килограмм салмактагы 142 спортчу оюн көргөзүшмөкчү.