ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги милиция бөлүмүнүн чатырында эскилиги жетип, айрылып бүткөн желек илинип турат (фото)

"Дордой" базарынын чыгыш тарабында жайгашкан милиция бөлүмүнүн чатырында эскилиги жетип, айрылып бүткөн желек илинип турат. Бул тууралуу окурман бүгүн, 17-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

Окурман Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги мындай абалда илинип турганына бир канча жыл болуп калганын айтат. "Бул имараттын бир тарабында милиция бөлүмү, бир тарабында оорукана бар. Чатырында илинип турган желекти ушундай абалда көргөнүмө бир канча жыл болду. Алмаштырылбай жатканына зээним кейип келет. Милиция бөлүмү бир желекти жаңылап койгонго кудурети жетпейби же кайдыгерлик кылышабы? Айтор, мамлекетибиздин желеги деп айтуудан уялам",- деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Aipri
2015-04-17 11:10:11
Уят ай, ушундай кантип болсун.
+2
kama_future_millioner
2015-04-17 11:22:35
Алмаштырып койсо болбойт бекен уятта эми балуу болгон желегибиз ушунтип турса
+3
Nurlankg92
2015-04-17 11:37:57
Соз жок ,приколный болуп калыптыр интернетке картинка болуп кетелекте алмаштырып койсо Жакшы болмок,ал жерде иштегендер да корбосо керек,асманды Ким карамак.
+3
beka88
2015-04-17 12:12:52
алар кочону текшериш керек да, ош базарды айылдан келгендер тартип бузушат да,желекти алмашканга акча да жок мамлектет болуп бериш керек окшойт да,,,,
0
nazima_89
2015-04-17 12:39:47
Уят!!!!!! биздин мамлекеттик кызматкерлер конул буруп койгулачы
+2
bom.bon
2015-04-17 12:57:06
Мамлекетти мамлекет кылып дуйного тааныткан желек болот!
+4
baba.
2015-04-17 13:59:26
Ушунан билсек болот кандай эл экенибизди.....
+2
deva
2015-04-17 14:09:09
Кризис! "Дордойдо" соода жок, демек, Салымбековдо да акча жок!
+2
Sarabanda
2015-04-17 14:12:27
Азыр кыргызстандын абалы куддум ушул желектей.
+7
Qnet
2015-04-17 14:40:52
Бул желек чыныгы Кыргызстандын жашоосун чагылдырып турат!
+5
welldone
2015-04-17 15:57:01
Биздин чондордун кайдыгерлиги
+1
Aipri
2015-04-17 16:39:27
Ушунча тытылганган желекти илгенден коро, алып койсонор жакшы болмок.
0
Ulik_89
2015-04-17 16:54:14
мыйзамдуулукту сактаган милициянын бул эмне деген кейпи...
+1
BeKu_90
2015-04-23 09:59:48
мындай желектен коро жок турганы жакшы болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан