Алмазбек Атамбаев: "Биз курал эмес, билим алышыбыз керек"

Бүгүн, 17-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан "Экстремизм жана такфиризм - коомго келтирилген коркунуч" эл аралык I симпозиумунун катышуучулары менен жолугушту. Алмазбек Атамбаев диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу боюнча кыргыз мамлекетинин тажрыйбасы тууралуу маалымат берип, экстремисттик жана радикалдык идеология менен күрөшүүдө диний ишмерлердин маанилүү ролун белгиледи.

Мамлекет башчы кыргыз жерине дүйнөгө белгилүү руханий лидерлердин жана аалымдардын келгендиги динге ишенгендерди исламдын тарыхын жана ар дайым экстремизмге каршы туруп келген окумуштуулардын, дин кызматкерлеринин эмгектерин терең окуп үйрөнүүгө түрткү берерин билдирди.

Президент буларга токтолду:

"Экстремизмдин жана такфиризмдин исламга тиешеси жок экендигин, исламдын атын жамынып алып жасалып жаткан жаман иштер ислам дүйнөсүндө, ыйык Куранда айыпталарын карапайым мусулмандарга түшүндүрүүнүн жолдорун биргелешип табасыздар деп ишенем. Анткени мындай түшүндүрүү иштерин имамдар, аалымдар гана аткара алат. Улуу Жибек жолу өткөн кыргыз мамлекетинин азыркы аймагында бир катар тарыхый окуялар өтүп, ар кандай диний агымдар болуп турган. Ошондуктан элибиз өзүнүн диний сабырдуулугу, өлкөбүздөгү бардык этностук топтордун маданиятына, үрп-адатына жана каада-салттарына кылган жакшы мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат. 

Бүгүнкү күндө да өлкөбүздө дин тутуунун эркиндиги боюнча жарандардын укуктары бекем сакталууда.

Борбордук Азияда ислам Карахан доорунда өзгөчө өнүккөнү белгилүү. Карахандардын биринчи борбору Баласагын шаары азыркы биздин өлкөнүн аймагында, Бишкек шаарына жакын жерде жайгашкандыгын сыймыктануу менен белгилейм. Келерки жылы залкар ойчул, “Куттуу билим” дастанынын автору Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилейбиз.

Эгемендик жылдары ата-бабаларыбыз туткан динди – исламды кабыл алгандардын саны кыйла өстү. Эгерде 1990-жылы республикада 39 мечит болсо, бүгүнкү күндө өлкөбүздө 2362 мечит жана 81 ислам окуу жайы, ошондой эле 68 ислам борбору, фонддор жана бирикмелер бар. Ислам майрамдары убагында Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын борбордук аянтында 100 миңге чукул мусулман айт намазын окуйт.

Айрым карапайым мусулмандар гана эмес, кээ бир имамдар да диндин негиздерин билишпейт. Көп учурда сыртынан такыба көрүнгөнү менен, алар билимсиз жана диний жактан сабатсыз болууда. Анын кесепетинен өлкөбүздө исламдык радикалдуу агымдарга өтүп кеткендер көбөйүп жатат. 

Ошондуктан мамлекет диний чөйрөдөгү маселени олуттуу карай баштады. 2014-жылы диний чөйрөгө, мамлекеттик коопсуздукка тиешелүү маселелерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин эки жыйыны өткөрүлдү. Ошол эле жылы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы бекитилди. Муфтиятыбыздын, мамлекеттик көптөгөн органдардын, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттердин, теологдордун көмөгү менен жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын негизги максаты болуп экстремизмди, терроризмди алдын алуу, жарандардын радикалдуу, бузуку уюмдарга өтүүсүн болтурбоо эсептелет.

Бир кезде мусулмандар илимди баарынан жогору коюшкан. Мухаммед пайгамбарыбыз (САВ) “бир саат илим алуу бир түн ибадаттан артык” деген. Ошол кездерде алгебра, алгоритм сыяктуу түшүнүктөр пайда болгон, мыкты китепканалар түзүлүп, залкар акындар, философтор болгон. Ал тургай азыркы цифралар да ошол кезде жазыла баштаган. Европа бардыгын ислам дүйнөсүнөн окуп-үйрөнгөн. Бирок, тилекке каршы, талаш-тартышта илимди жана маданиятты жактагандар фанатиктерден жеңилип калышкан. Ал эми азыр ошол жеңилүүнүн жыйынтыгына күбө болуп жатабыз. Ошондуктан муфтий Равиль Гайнутдин туптуура айткан: “Биз курал албай, билим алышыбыз керек”.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан