Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-апрелде биометрикалык маалымат чогултуу ишинин жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт жетекчиси 2,5 миллион адам өздүк маалыматын тапшырганын, бул 16 жаштан жогорку бардык жарандардын 66 пайызын түзөрүн билдирди. Жыйында биометрикалык маалымат топтоонун коопсуздугу, сапаты тууралуу талкуу болгонун өкмөттөн билдиришти.
Жыйынтыгында премьер-министр аталган маселе боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык комиссияга тапшырма берди. Бишкек шаары, Чүй облусу жана чет өлкөдө жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.