Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 20-апрелдеги жыйынында АКШдан "Манас" аэропортуна түшүрүлүп,
шек жараткан 152 тонналык жүк боюнча маселе каралат. Мындай чечим депутат
Майрамкан Кадырбекованын сунушу менен кабыл алынды. Маселе жабык эшик артында каралмакчы.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз жериндеги орус басылмаларынын бири Украинанын учактары аркылуу АКШдан “Манас” аэропортуна эки ирет белгисиз жүк түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Андан кийин Орусиянын маалымат булактары дипломатиялык жүктү шектүү деп атап, “АКШ кыргыз мамлекетинде Украинадагыдай революция кылууга даярдык көрүүдө” деп жарыялашты. Ал эми АКШнын кыргыз жериндеги элчилиги бул дипломатиялык жүк элчиликтин жаңы курулуп жаткан имаратына керектүү курулуш материалдары экенин айтууда.