Абдырахман Маматалиев: "Кыргыз-тажик чек арасындагы 42 чакырым айланма жолдун курулушу башталганы турат"

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Коргоо, коопсуздук боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат.
А.Маматалиев депутаттарга аскер тармагындагы реформалар, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматында ийгиликтүү көрсөткүчтөргө жетишкенин билдирди. 
Мындан тышкары ал кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. "Былтыр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлгөн. Жергиликтүү калктардын ортосундагы чыр-чатактардын себебинен чек араларды белгилөөгө тоскоолдуктар жаралган. Мындан улам Көк-Таш - Ак-Сай унаа жолунун курулушу токтоп калган. Кыргыз өкмөтү тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, оң жыйынтыкка келген. Мындан тышкары КРнын УКМКсынын демилгеси менен 42 чакырым айланма жолду куруу боюнча чечим кабыл алынган. Учурда курулуш башталганы турат",- деди Маматалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан