Жогорку Кеңештин комитети Жалал-Абад облусундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышууда

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад облусунда билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, дин, спорт, архив, массалык маалымат каражаттарынын иштеринин абалы жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө көчмө жыйын өткөрүүдө. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы иш-чарага мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери катышып жатканын билдирди. 

Комитет мүчөлөрү ишти Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы
гимназия-жатак-мектебинин абалы менен таанышуудан башташты. Бул мектепте жалпысынан 386 окуучу окуса, коңшу райондордон келген 185 окуучу мектепте жатып билим алат. Мектептин имараты 1928-жылы курулгандыктан, эскилиги жетип, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жараксыз деген тыянакка келген.

Ал эми мектептин жаңы имараты, өкмөт курулуш каражатын бөлүп-бөлүп берип жаткандыктан, азыркыга чейин аягына чыгарыла элек. "Мектеп курулушуна каржылык каражатты бөлүп-бөлүп берүү бүткүл өлкө боюнча өнөкөткө айланып калды. Он жылдап бүткөрүлбөгөн билим берүү мекемелери ондоп саналат. Өкмөт курула баштаган мектептерге каражатты толук бөлүп, аларды аягына чыгаргандан кийин башкасына өтүшү керек. Антпесек абалды оңдой албайбыз",- дейт комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев.

Мындан сырткары тармактык комитет көчмө жыйынынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы №6-орто мектептин, “Ак-Кайың” №6-бала бакчасынын, облустук филармониянын, шаардык стадиондун, Сузак районундагы Таш-Булак айылындагы "Айша Сиддика" кыздар медресесинин, шаардык архивдин, облустук китепкананын, облустук драма театрынын абалы менен жеринде таанышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан