Депутаттар өлкөдө коррупцияны жоюш үчүн айлыктарды 20 миң сомго чейин көтөрүүнү сунушташты

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Коргоо, коопсуздук боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат.
Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү боюнча өкмөт атайын мамлекеттик программаны иштеп чыккан. "Бул маселе өкмөттүн жыйынында каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган. Мындан тышкары коррупцияны жоюу максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген",- деди Маматалиев.
Депутат Дастан Жумабеков 2-3 миң сом айлык алган кызматкерлер коррупцияга барышы толук мүмкүн экенин айтты. "Алар өз үй-бүлөлөрүн багышы керек. 2 миң сом бир айга жетпейт. Коррупцияны жоюш үчүн эмгек акыларды 20 миң сомго чейин көтөрүү зарыл. Ошондой эле мектеп мугалимдери айына 5-6 миң сом, жогорку окуу жайлардын окутуучулары 10 миң сом алышат. Бул акча жетишсиз. Алар балдарын багыш үчүн экзамендерди кабыл алууда студенттерден пара талап кылышат",- деди Жумабеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан