1-июндан тартып Орусияда кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгү "жараксыз" деп табылат

1-июндан тартып Орусияда кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгү "жараксыз" деп табылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 20-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жетекчисинин кеңешчиси Гүлнура Нарматова билдирди. Анын билдиришинче, Орусия айдоочулук күбөлүк боюнча нормага өзгөртүүлөрдү 2014-жылдын 5-ноябрында киргизген. 
"Өзгөртүү өткөн жылдын 5-ноябрында киргизилгени менен, улам жылып отуруп, өзгөртүүнү 2015-жылдын 1-июнунда күчүнө киргизүү талабы коюлган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгү менен Орусиянын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. Эгер кыргыз жараны Орусияга иштөө максаты менен эмес, башка өзүнүн иштери менен барса, анын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу кажет эмес. Бул талап Орусияда унаа айдап, акча табууну максат кылып иштеп жаткандарга тиешелүү",- деди Нарматова. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан