Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Коргоо, коопсуздук боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат.
Анын айтымында, Ички иштер министрлиги бейөкмөт уюмдар менен тыгыз мамиледе иштешүүдө. "Былтыр бейөкмөт уюмдардын катышуусунда ИИМди реформалоо боюнча үч отурум өткөрүлгөн. Ички иштер тармагында коррупция менен күрөшүүгө арналган бир топ тренингдер, семинарлар уюштурулган. Жыйынтыгында буга чейин бизди сынга алып жүргөн бир уюм жакында ИИМ тууралуу жакшы отчёт жазып чыгарды. Ошентип, мындай иш-аракеттерди бир гана борборлордо эмес, аймактарда өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди Маматалиев.