Президент Алмазбек Атамбаев эмирдин кеңешчиси, Эл аралык "Ислам" кайрымдуулук уюмунун төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча атайын өкүлү Абдаллах Матуук аль-Матуукту кабыл алды. Бул тууралуу 21-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
Абдаллах Матуук аль-Матуук Алмазбек Атамбаевге Кувейт мамлекетинин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын ыраазычылык сөздөрүн жеткирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективасы талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, өлкө үчүн приоритеттүү мааниге ээ болгон экономиканын келечектүү багыттарына токтолду. Ошондой эле кыргыз жеринде түрдүү бизнес жана социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.
Жолугушуунун аягында Алмазбек Атамбаев менен Абдаллах Матуук аль-Матуук эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн белгилешти.