Ширин Айтматова жөнөкөй жарандар өз билемдик кылып, айылдарда өз бийликтерин жүргүзүп жатканына нааразы болду

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 21-апрелдеги жыйынында депутат Ширин Айтматова жөнөкөй жарандар өз билемдик кылып, айылдарда өз бийликтерин жүргүзүп жатканына нааразы экенин айтып чыкты. 

"Жакында айылдардын биринде тургундар бир диний ишмерди "жаш балдарды зордуктаган" деп күнөөлөп, айылдан кууп чыгышты. Мындан тышкары айрым топтор өз билемдик менен жеке ишканаларды текшерүүгө алышууда. Эгер ИИМ буга көз жумуп, жол бере берчү болсо, бизде анархия (бийликтин жоктугу -ред.) болуп кетиши мүмкүн",- деди Айтматова.

Депутаттын нааразычылыгын уккан соң ички иштер министри Мелис Турганбаев жооп катары буларды айтты: лкөдө эч кандай анархия болбойт. Биз элдик милиция болууну каалап, эл менен тыгыз иштешүүгө аракет жасап жатабыз. Ошондуктан коомчулук тарабынан жардам болуп туруш керек. Эң негизгиси, ишибизди мыйзам чегинде жүргүзүп жатабыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан