Депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салыктык санкциялар боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 21-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып, анын концепциясы экинчи окууда жактырылды.
Демилгечи депутаттардын айтымында, көп ишканалар кыйынчылык кездерде айрым салык түрлөрү боюнча карыз болуп калышкан. Азыр алардын туумдары улам көбөйүп баратат. Ошондон улам айрым ири ишканалардын буга чейинки айыптык санкциялар боюнча туум карыздарын жоюу сунуш кылынууда.
"Ишканалардын негизги карыздары төлөнүүгө тийиш. Алар Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине киргенге чейин өз карыздарынын бир тобунан кутулуп алышы керек. Эгер алар карыз бойдон кала берсе, көптөгөн чабал ишканалар пайда болуп, менчиктештирилип кетиши мүмкүн. Мыйзам долбооруна өкмөт да каршы эмес. Көмүскө экономиканы да жарыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- дейт депутат Алла Измалкова.
Ал эми экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев мыйзам кабыл алынып калса, негизги карыздардын төлөнүшүнө жол ачыла турганын билдирди. "Азыркы учурда негизги карыз да, анын туумдары да төлөнбөй турат",- дейт ал.