Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы "парламенттик шайлоону 2015-жылдын 4-октябрына белгилөө туура" деп өлкө башчы
Алмазбек Атамбаевге кат жиберди. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 21-апрелде БШКнын басма сөз катчысы
Кыял Бектурова билдирди. Анын айтымында, чечим кабыл алуу президенттин колунда. "Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына шайлоо 2010-жылдын 10-октябрында өткөрүлгөн. Мына ошондуктан БШК конституциялык мыйзамга таянып сунуш берип жатат.
Биздин сунуш боюнча, парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү туура. Анткени мурунку парламенттик шайлоо кайсы айда өткөрүлгөн болсо, кийинки шайлоо ошол айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлүүгө тийиш. Биз президент Алмазбек Атамбаевге сунуш бердик, чечим кандай кабыл алынарын азырынча айтуу кыйын",- деди Бектурова.