Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Дастан Жумабеков өз кесиптештерине Казакстанда
жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлык акыларын бөлүп берүүнү сунуштады. Төрага
Асылбек Жээнбеков бул сунушту колдоорун айтып, мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан да акча каражаты бөлүнөрүн билдирди.
Айта кетсек,
19-апрелде эртең менен Казакстандын Моюнкум районунда кичи автобус жүк ташуучу автоунаа менен сүзүшүп, кырсыктан улам кыргыз жарандары каза табышты. Бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга президент Алмазбек Атамбаев материалдык жардам катары социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом бөлүп берген.