Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 22-апрелде ата мекендик фермерлер менен жолугушуп, тараптар кооперативдерди түзүү жана айыл чарбасына жаңы техникаларды жайылтуу темасын талкуулашты. Сарпашев айыл чарбасын колдоо үчүн мамлекеттик банктарда акча жетиштүү экенин айтты.
"Агрардык тармактагы инновациялык технологиялар менен таанышууга 20-22-майда өтүүчү "Айыл-агро" Эл аралык көргөзмөсү жакшы аянтча болуп берет. Мурунку уюштурулган көргөзмөлөрдүн пайдасы тууралуу азыр айта алабыз. Өнөктөштүк жолугушуулардын жыйынтыгында фермерлер заманбап техникаларды сатып алуу үчүн чет элдик компаниялар менен жүздөй келишим түзүшкөн",- деди биринчи вице-премьер.
Жолугушууда тамчылатып сугаруу системин орнотуу жана ири күнөсканаларды куруу боюнча фермерлер сунуштаган долбоорлор талкууланды.