Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 21-апрелде Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын максаты - облустун билим берүүчү, маданий, диний, спорттук жана архивдик мекемелеринин абалын текшерүү.
Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева социалдык жайлардын абалы тууралуу маалымат берип, Базар-Коргон, Сузак, Аксы райондорунун, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активдери жергиликтүү элдин көйгөйлөрү тууралуу пикирлерин айтышты. Мектеп имараттарынын эскилиги, мугалимдер менен тарбиячылардын айлыгынын аздыгы негизги көйгөй экени белгиленди. Айылдардагы маданият үйлөрү техникалык кызматкерлерге абдан муктаж экени айтылды.
Диний кырдаалга токтолгон депутаттар укук коргоо органдары жакшы иштегенине карабай, соттор диний экстремисттерге жумшак өкүм чыгарып жатышканын билдиришти.