Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 21-апрелдеги жыйынында “2014-жылдын 25-июнунда Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Мындан тышкары кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдык отчёту менен вице-премьер-министр Валерий Диль тааныштырды. Депутаттар вице-премьерге жана өкмөт мүчөлөрүнө бир катар суроолорду беришип, комитет тарабынан берилген айрым тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын айтышты. Өлкө аймагында салынып жаткан ГЭСтердин абалы, Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы, көмүрдүн өндүрүлүшү жана алтын кендеринин иштетилиши тууралуу кызуу талкуу жүрүп, отурумдун жыйынтыгы менен тармактык комитет электр энергиясы жана тоо-кен иштери боюнча өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты.