Өткөн жумада Өмүрбек Текебаев Лейлек эли менен жолугушканы барганда Исфана шаарын эч кандай жан сакчысыз аралап, улуу инсан, белгилүү коомдук-саясий ишмер Исхак Раззаковго, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына коюлган эстеликтерди көрүп чыкты. Буга күбө болгон лейлектиктер "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин жөнөкөйлүгүнө баа берип, саламдашып өтүп жатышты.
"Чоңдордун шаан-шөкөт менен келип кеткенине көнүп калган эл мамлекетти
Атамбаев менен башкарып жаткан экинчи адам деген Текебаевдин ушинтип эч кандай
шаан-шөкөтсүз, катар тизилген жол тандабас менен эмес, жөнөкөй машина менен жан
сакчыларсыз келгенине ыраазы болду. "Партия лидери эл аралап, жыйынга катышып,
мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди кабыргасынан коюп, аларды чечүүнүн жолдорун айтып
акырын жылып кете берди" деп эл чогулган жерлерде, базарларда кызуу
талкууланганын эл айтып жатат. Көрсө, буга чейин Лейлек жерине КРнын Президентинин
аппарат жетекчисинин орун басары
И.Илмиянов келерде Лейлек жергесине
милициялардын кардону түзүлгөн экен. Ал жүргөн эки күн бою коопсуздук чаралары чычкан
өтпөгөндөй деңгээлде уюштурулуп, ушундай майда чиновниктин ушунчалык
деңгээлдеги шаан-шөкөт менен келгени эл ичинде нааразылык жаратканы айтылууда. "Көрбөгөндүн көргөнү курусун" деген ушул белем",- деп айтылат маалыматта.
Өмүрбек Текебаев Ноокат эли менен жолугушууга келгенде тургундар менен шаар аралап, таанышып, партиялаш-тарапташтары менен жакындан баарлашып, жолугушуу өтүүчү залга акырын кирип кеткенин Ноокаттын эли толкундоо менен кеп кылып жатат. Ал эми мындан бир аз мурун эл өкүлдөрү А.Сулайманов менен Т.Зулпукаровдун дагы Ноокат жерине шаан-шөкөт менен ак-кара жол тандабастар, өгүздөй болгон жан сакчылары менен келип кеткендиги элдин эсинде экен.
Бийлик жөнөкөйлүктүн жактоочусу. Жөнөкөйлүктү И.Раззаков, А.Масалиев, С.Ибраимов сыяктуу белгилүү мамлекеттик ишмерлердин мисалында көрсө болот. Ал эми биздин чиновниктер бийликтин тырмактай болгон тепкичине көтөрүлүп калышса, бара турган жерлерине алдын ала кабарланып, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, посттор коюлуп, мал союлуп, дасторкон жайылып, карапайым элди кыйнашат. Элдин эсинде элге жакын, жөнөкөй, карапайым жетекчилер гана калышарын унутпасак.