Жогорку Кеңеш 23-апрелдеги жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоору менен жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилмекчи.
Эгерде саламаттыкты сактоо уюму адамдын органдарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жасаш үчүн зарыл адам ресурстарына, медициналык аппаратурага, тиешелүү сертификаттарга жана башка зарыл документтерге ээ болсо, Кыргыз Республикасынын аймактарында мындай түрдөгү операцияларды жасаганга мамлекеттик да, менчик медициналык мекемелерде да уруксат берилет.