Улуу Британия, Пакистан жана Беларустагы кыргыз мамлекетинин элчилери быйыл дайындалат

Улуу Британия, Пакистан жана Беларустагы кыргыз мамлекетинин элчилери быйыл дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттер менен болгон жыйында билдирди. Министр Улуу Британия менен болгон мамилелер жыл өткөн сайын жакшырып жатканын айтты.   "Беларусь менен кыргыз жергеси Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер болушат.

Жыл башында Пакистан Республикасына бардым, бул өлкө менен болгон саясий, экономикалык, энергетикалык жана инфраструктуралык жаатта карым-катнашты өстүрө бериш керек экен деген жыйынтыктарга келдим. Муну менен катар быйыл Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттарында жана Катарда элчиликтерди ачуу иштерин башташыбыз керек",- деди Абдылдаев 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан