Жоомарт Оторбаев: "Газпром" ишканасына кошулуп биз эң жакшы кылдык. Мен буга сыймыктанып жатам"

2014-жылы кыргыз жерине 4 миллиондон ашык турист келген. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2014-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч кыргыз мамлекетинин тарыхында рекорддук көрсөткүч. "Өткөн жылы мүмкүн болушунча коомдук тынчтыкты сактоого аракет кылдык. Анын натыйжасында жай айында Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин саны өстү. Биз тынчтыкты сактап, көрсөткүчтү мындан ашырууга аракет кылышыбыз керек",- деди Оторбаев. 
Андан сырткары премьер-министр инвестициялык климат жакшы деңгээлге жеткенин кошумчалады. "Орусиянын "Газпром" ишканасына кошулуп биз эң жакшы иш кылдык. "Газпромго" кошулганыбызга сыймыктанып жатам. Бул тарыхый кадам болду. Буюрса, кыргыз мамлекетинин тарыхында болуп көрбөгөндөй инвестиция пландалып жатат. Планга жараша "Газпром" Орусия бийлигинин жардамысыз 45 миллиард сом инвестиция бергени жатат",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан