Өкмөт: 2014-жылы экономикалык өсүш 103,6 пайызды түзгөн

"2014-жылдын жыйынтыгында өлкөдө экономикалык өсүш 103,6 пайызды түздү",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында. Жыйында өкмөттүн 2014-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы каралууда. 
Премьер-министрдин берген маалыматына караганда, 2014-жылы өкмөттүн иш-чаралар планынын алкагында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана стратегиялык багыттар менен артыкчылыктарды камсыз кылуу жаатында иш жүргүзүлдү. Мында стратегиялык тармактарды өнүктүрүү максатында бизнестеги жана улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

"2014-жылы жүргүзүлгөн, макулдашылган экономикалык саясат Орусияда, Казакстанда уланып жаткан басаңдоо жагдайынын терс таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык стабилдүүлүктү жана экономиканы өнүктүрүүнүн өсүшүн сактоого мүмкүндүк түзүлдү",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан