Бюджеттин тартыштыгынан өлкөнүн жайыт жерлерин космостон сүрөткө тартууга мүмкүн эмес болууда

Бюджеттин тартыштыгынан өлкөнүн жайыт жерлерин космостон сүрөткө тартууга мүмкүн эмес болууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, Кытай жана Орусия мамлекеттери космостогу спутниктен тартылган сүрөттөрдү бекер берүүгө даяр. 
"Былтыр Улуттук илимдер академиясында реформалар башталган. Табигый-техникалык багытка көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан тиешелүү долбоорлордун үстүнөн иш жүргүзүлүп жатат. Учурда эң негизги маселе статистика болуп жатат. Жайыт жерлер тууралуу такталбаган көрсөткүчтөр чыгарылып жатат. Ошондуктан космостон тартылган сүрөттөр жакшы көмөк көрсөтмөк. Буга бир топ акча керек экен",- деди Оторбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан