Жоомарт Оторбаев министрлер эмне себептен кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатышканын түшүндүрдү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2014-жылы аткарган иштери боюнча маалымат берип, министрлер эмне себептен кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатканын түшүндүрдү. 
"Мурунку каржы министри Ольга Лаврова жеке тармакка кетүү ниетин айтып келген. Лаврова ага тапшырылган милдеттерди аткарган соң кызматтан кетүү чечимине келди. Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурунку башчысы Калыкбек Султанов ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүүнү суранды. Ага чет өлкөдө операция жасалат экен. Дарылануу мөөнөтү узакка созулганынан улам кызматтан кетүүнү туура көрдү",- деди Оторбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан