23-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Мамытбай Салымбеков "жөнөкөй жарандар Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурунку башчысы Калыкбек Султановду дагы иштеп берсе болмок деп жатышат" деп билдирди. Анын айтымында, министр Султанов жакшы иштеп кеткенин айтышууда. "Мага Баткен, Нарын облустарынын тургундары телефон чалып, ушул кишиге рахмат айтууну суранышты. Алар "К.Султанов кызматтан бекер кетип калды, дагы иштеп берсе болмок" дешүүдө. Жөнөкөй жарандардын айтымдарында, Султанов министр болуп турган кезинде бир топ жакшы иштерди аткарды",- деди Салымбеков.
Айта кетсек, 21-апрелде транспорт жана коммуникация министри
К.Султанов
кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганы
айтылган. Ошол эле күнү президент
Алмазбек Атамбаев аны кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка
кол койгон.