Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштун 1092 ардагери калды

22-апрелде №72809-аскер бөлүгүндө эскерүү митинги болуп, Советтер Союзунун Баатырларына арналып тургузулган эстеликке гүл коюлду. Коргоо министрлигинин билдиришинче, иш-чара Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлдү. Эскерүү митингине КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жана оорукта иштегендер, мектеп окуучулары, аскер кызматкерлери жана Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү катышты. 
"Согуш жылдарында кыргыз мамлекетинен 365 миңдей адам фронтко чакырылган, анын 5 миңдейи согуш талаасынан кайткан эмес. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 1092 согуш ардагери калды. Алардын эң жашы 90го чыгып калды. Алардын жашоо шартын жакшыртууга, медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык чараларды көрүү керек. Дайынсыз кеткен кыргыз мамлекетинин жарандарын издөө иштерин уюштуруу кажет",- деп билдирди генерал-полковник Мырзакан Субанов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан