Жогорку Кеңештин 23-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берилип жатат. Депутаттар премьер-министр Жоомарт Оторбаевден баалар эмне себептен өсүп жатканын сурап, бул маселени чечүүдө өкмөт кандай иш жүргүзүп жатканына кызыгышты.
Өкмөт башчынын айтымында, баалар рынок экономикасынын негизинде түзүлөт. "Биз рынок экономикасын куруп жатабыз. Мындай экономиканы өнүктүрүш үчүн ишкерлердин ортосунда атаандашууну күчөтүшүбүз керек. Бир тармакта канчалык көп компания иштесе, ошончолук баалар түшөт. Биз ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп жатабыз. Аларга негизинен инфраструктура, жолдор, энергетика, жакшы мыйзамдарды кабыл алуу, уруксат берүү системин жеңилдетүү маселелерин чечип берүүбүз керек. Бул багытта ийгиликтүү көрсөткүчтөргө жеттик. Эгер 3 жыл мурун 600гө жакын лицензия болсо, азыр 101 эле лицензияны калтырдык. Мындан тышкары биз улам-улам ишкерлер ассоциациясы менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн угуп турабыз",- деди Оторбаев.