Өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин
Тайырбек Сарпашев аткарып турат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына депутат
Бактыбек Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, процедура боюнча, өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министрге жүктөлөт. "Оторбаев кызматтан кетүү тууралуу арызын бүгүн жаза турган болду. Эгерде бүгүн жазса, 24-апрелде коалициялык көпчүлүк кезексиз жыйынга чогулуп карайт",- деди Калмаматов.
Айта кетсек, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарыя кылды.