Президент парламенттик шайлоодо партиялар үчүн күрөөнү 5 миллион сомго көтөрүүчү мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 23-апрелде өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Мыйзамды парламент 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алган. Документ шайлоо процессине инновациялык технологияларды киргизүү менен добуш берүү мыйзамдуулугунун жаңыланышына багытталган. Бул жаңылануунун негизги мааниси “бир шайлоочу – бир добуш” принцибин камсыз кылуу жана добуштардын жыйынтыгын эсептөөдө адам факторун мүмкүнчүлүк болушунча азайтуу болуп саналат.

Бул мыйзам менен:

- Шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар киргизилет;

- Шайлоочулардын тизмесин түзүү укугу Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилет;

- Шайлоочуну добуш берүүгө жаранды биометрикалык жана персоналдык идентификация аркылуу, шайлоочунун манжа тагын биометрикалык маалыматтар базасындагы тагына дал келсе гана коё берүү;

- Шайлоочуга добуш берүүгө уруксат берүүчү документтердин арасынан пенсиялык, айдоочулук күбөлүк, аскердик билет алынат. Шайлоочу бир гана кыргыз мамлекетинин жарандыгын тастыктаган ички жана жалпы жарандык паспорту аркылуу гана добуш бере алат;

- Добуш берүүгө автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды пайдалануу;

- Добуш берүү жайларын монитор жана башка тиешелүү жабдыктар менен жабдуу;

- Жарандардын добуш берүү укуктары жана шайлоо мыйзамдары участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан бузулган учурда, УШКнын чечимине же аракеттерине дооматтарды кароодо мамлекеттик органдардын, алардын ичинде күч кызматтарынын, шайлоо комиссияларынын, сот органдарынын иштерин так аныктоо;

- Шайлоого катышуучу саясий партиялардын күрөө акчасынын суммасын 500 миң сомдон 5 миллион сомго көтөрүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан