Лорд Кланвильям: "Кумтөр" кенинен алтын түбөлүк чыкпай турганын кыргыз эли билиши керек"

"Кумтөр" кенинен алтын түбөлүк чыкпай турганын кыргыз эли билиши керек",- деди бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешине талапкер Лорд Кланвильям.
Анын айтымында, акыркы 3-4 жыл ичинде "Кумтөр" кенинин айланасындагы кырдаал татаалдашып кетти. "Центерра" менен кыргыз тараптын ортосундагы мамиле бузулду. Биздин максатыбыз - бул мамилени жакшыртуу. Бирок "Центерранын" учурдагы жетекчилиги менен болгон кырдаалды жакшыртуу мүмкүн эмес деген пикирдемин. Башкача айтканда, үй-бүлө бузулду. Анткени жубайлардын бири өзүн хан деп эсептесе, мындай үй-бүлө ынтымакта жашай албайт",- деди Кланвильям.
Бул жолугушуунун максаты талапкерлер тууралуу жана алардын “Кумтөр” долбоорунун азыркы абалы менен мындан аркы келечегине баасы боюнча толук маалымат алуу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан