Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова 24-апрелде "Парламент" радиосундагы түз эфирде “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.
Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону көздөйт. "Бул багытта нике келишимин түзүп, нотариус аркылуу тастыкталышы керек деп дагы демилгеленүүдө. Ал келишимде үй-бөлөдөгү жубайлардын тапкан кирешелери толук көрсөтүлүшү керек. Мисалы, анда асем зер тагынчактарынан тартып банк эсебиндеги каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө чейин камтылууга тийиш. Эгер алардын кирешелеринде өзгөрүүлөр болсо, аны жаңы келишимге толуктоо иретинде камтып кетсе болот",- дейт Нарматова.
Мыйзам долбоорунда алименттерди алуучу жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоого да олуттуу көңүл бурулуп жатканы айтылды.