Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдон ыраазычылык каты келди. Каримов кайрадан президент болуп шайланганда куттуктаганы үчүн кыргыз президентине ыраазычылык билдирген. "Менин Өзбекстандын президенти болуп кайра шайланышыма байланыштуу айткан сиздин жылуу куттуктооңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилден ыраазычылык билдирем",- деп айтылат катта.
Өзбекстандын президенти мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, ишмердүүлүгүнө жетишкендиктерди, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.