Феликс Кулов өкмөт менен "Центерранын" ортосундагы кырдаалды жубайлардын мамилеси менен салыштырды

Бүгүн, 24-апрелде "Центерра" ишканасынын Директорлор кеңешине талапкерлер британиялык Мартин Грехэм жана Лорд Кланвильям Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, "Кумтөр" маселесин талкуулашты. Отурумдун жүрүшүндө депутат Феликс Кулов өкмөт менен "Центерранын" ортосундагы учурдагы кырдаалды жубайлардын мамилесине салыштырды.
"Аял болгон "Центерра" ишканасы бир жыл бою өзүнүн жубайлык милдеттерин мыкты аткарууга макул болбой жатат. Анын күйөөсү болгон өкмөт үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүгө макулдашууга жеткирди. Бирок аял күйөөсүнүн батиринде жашаганына карабастан, өз талаптарын коюп жатат",- деп салыштырды Кулов.
"Центерранын" Директорлор кеңешине талапкер Лорд Кланвильям ушул мисалды улантып, өзүнүн жеке жашоосу тууралуу айта кетти. "Мен биринчи аялым менен ажырашкандан кийин кыйла каражатым кеткен. Ал эми учурда жакшы аялым бар. Ал менин бардык чыгашаларымды кайтарып берди",- деди Лорд.
Айта кетсек, 2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөткө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен "Кумтөр" маселесин чечүү тапшырылган. Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ийгиликке жетпегенин айтып келген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү келишимине токтолушкан. Бирок кийин Ж.Оторбаев бул макулдашуу кыргыз тарапка пайдасыз экенин таап, кол койбогонуна "туптуура кылыппыз, бизди Кудай сактаптыр" деп жарыялаган. Андан соң ал "Кумтөр" маселеси боюнча жаңы вариантын - "Центерранын" Директорлор кеңешин алмаштырууну сунуштаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан