Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчылыкка өкмөттүн азыркы программасын түшүнгөн адам келиши керектигин айтты

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчылыкка өкмөттүн азыркы программасын түшүнгөн адам келиши керек деген пикирде. Турсунбеков бул тууралуу 24-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал шайлоого алты айга чукул убакыт калгандыгын белгилеп, бул убакыттын ичинде жаңы келген өкмөт жаңы программа, жаңы түзүм менен чыгышы татаалыраак экенин белгиледи. “Буга чейинки кабыл алынган даяр программалар бар. Ага жараша бүгүнкү эле өкмөттүн курамынан болобу же ушул программаны ишке ашырууга активдүү катышып келген адамдардан болобу, бирөөнү алып чыгуу туура болот го деген пикирге келип жатабыз. Конкреттүү ким болорун жакынкы убакытта чечебиз деп ойлойм. Кийинки келе турган премьер-министр бүгүнкү күндөгү жүргүзүлүп жаткан иштерди, анын ичинде “Кумтөр” маселесин мындан ары алып кете турган, баарын баштан баштабай, аракеттеги өкмөттүн программасын жакшы билген адам болушу керек”,- деди фракция лидери.

Мындан сырткары коалициядагы өнөктөштөрү – “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” менен кеңешүүнү туура көрүп жаткандыгын кошумчалады. “Алардын да пикирлерин угуп, өзүбүздүн дагы сунуштарыбызды даярдап, андан кийин бир-эки адамдын тегерегине токтолобуз деп турабыз. Балким, айтылып жаткан талапкерлердин ичинен же жаңы талапкер чыгып калышы мүмкүн”,- дейт ал.

Ал эми парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн тарашы-тарабашы боюнча суроого жооп берип, коалициядагы 3 фракциянын (КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен”) жетекчиси тең бул маселе боюнча бир пикирге келгендигин айтты. “Эгерде кимдир бирөө ошол пикирден айнып кетпесе, коалиция тарабайт. Айнып кетсе, коалиция тарашы ыктымал. КСДП фракциясы макулдашкан пикирден айныбайт”,- деген Турсунбеков өкмөттүн азыркы курамы өзгөрүшү мүмкүн экенин белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан