Депутаттар өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлерде курулуш жүргүзүүгө уруксат бергени жатышат

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 27-апрелдеги жыйынында жерлерди бир категориядан башка категорияга трансформациялоо боюнча карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, учурдагы мыйзамга ылайык, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери деп сугат жана кайрак жерлер, кен чыккан жерлер, көп жылдык мөмө-дарактар өскөн жерлер, маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабындылар жана жайыттар саналат. "Ушул берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлерге гидротехникалык курулуштардан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбей тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамында жерлерди өз багытында пайдаланууга мүмкүн болбогон учурларда баалуулугу бир кыйла жогору жерлерди баалуулугу бир кыйла төмөнүрөөк жерлерге которууга жол берилет",- деди Бекешев.

Анын айтымында, айыл чарба жерлеринин азыктуулугу, түшүмдүүлүгү азайганда, аларды шор басып, саз басып кеткенде, алар булганып, бузулуп, кум-шагылга басылганда, кыртыштын сапаттык абалына таасир кылуучу өзгөрүүлөр болгондо, мындай жерлерди өз багытында пайдалануу мүмкүн болбой калат. "Бирок жер чектелген ресурс болгондуктан, аны мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануунун механизмдерин түзүү зарыл. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында мындай механизмдерди бир мааниде жана так колдонууга мүмкүндүк бере турган нормалар жок. Ошондуктан өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлерди башка түрлөргө которуунун мүмкүндүгүн кароону зарыл деп эсептейбиз. Бул болсо мындай маселени ар түрдүү мааниде жана туура эмес чечмелөөдөн качууга мүмкүндүк берет",- деп түшүндүрдү Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан