"Кыргыз мамлекети акыркы жылдар аралыгында алтынды эмес, адам ресурстарын экспорттогон өлкөгө айланып калды". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Новосибирск шаарындагы мигранттар арасында өткөн эл аралык турнирде сөз сүйлөп жатып билдирди. Эл өкүлү мекендештерибизди өз жерин, ата-тегин унутпай, дайыма көздүн карегиндей сактоого чакырып, алыста жүрүп ынтымакты бекемдөөгө аракет жасап жаткан мигранттарга ыраазычылыгын айтты.
Кошумчалай кетсек, Улуу Жеңишти утурлай Орусия Федерациясынын Новосибирск шаарында волейбол боюнча 1-эл аралык “Бакай ата” Кубогу уюштурулуп, ага Орусия менен Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын командалары менен катар кыргыз өлкөсүнөн дагы волейболчулар катышты.