Быйыл чоң-алайлыктар жерди айдатуудан кечигип калбайлы дешип, "Өнүгүү-Прогресс" партиясына техникадан жардам сурап, кат менен кайрылышкан. Элеттиктердин өтүнүчүн канааттандырган Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы МТСтен 4 трактор бөлдүрүп берген.
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 15 миң калк жашайт. Эл негизинен дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Тилекке каршы, айылдагы техниканын кызмат көрсөтүү баасы өтө эле кымбат, 1 гектар жерди айдоо 4,5 миң сомго чейин айланат. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы тарабынан бөлүнүп берилген техникалар менен үч күндүн ичинде эки айылдын жери айдалып бүтүп, себүүгө даярдалып, элеттиктердин ыраазычылыгына арзыды.