Италиянын футбол боюнча чемпиону “Ювентус” Чемпиондор Лигасынын алгачкы оюнунда мадриддик “Реал” клубун утуп алды. Беттеш 2:1 эсебинде италиялык клубдун пайдасына аяктады. Оюндун 8-мүнөтүндө Альваро Мората оюн эсебин ачып, “Ювени” алдыга сууруп чыкты. Жооптук голду Криштиану Роналду киргизди. Ал эми жеңиш алып келген голду Карлос Тевес 58-мүнөттө жаратты.
Кошумчалай кетсек, жооптук беттеш 13-майда Мадрид шаарында өтөт.