Президент өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды

Жогорку Кеңештин 6-майдагы жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев жана өкмөттүн жаңы курамы ант берди. 

Анттын мазмуну төмөнкүдөй: “Мен, (аты-жөнү, дайындалган кызмат), кызматыма киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниеттүүлүк менен берилип аткарууга жана кыргыз өлкөсүнүн элине кызмат кылууга ант берем.

Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартам”.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды.

Айта кетсек, 30-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Темир Сариевдин талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырган. 2-майда президент өкмөт башчыны жана өкмөт курамын бекиткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан