27-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксенбург айылында жол кырсыгы катталып, 27 жаштагы бала каза болгон. Ал эми анын жанындагы жүргүнчү кыз учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.
Бул арада каза болгон жигиттин жакындары президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, акыйкат издеп жаткандарын билдирди. Алардын айтымында, жол кырсыгы Кант шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын унаасы менен байланыштуу.
"Айла жок, сиздерге кайрылып жатабыз. Ушул кырсыктын тергөөсү акыйкат каралабы деген күмөн жаралууда? Анткени Кант шаардык кеңешинин төрагасынын унаасы болуп жатат. Ал жерде ким башкарып бара жаткандыгы бизге табышмак боюнча калууда. Жакындары акыйкаттык таппай, кимге кайрылышты билбей турабыз. Оң чечим чыгары күмөн, анткени тергөөгө бирөөлөрдүн кийгилишүүсү болуп жатат. Элдик генерал күч түзүмдөрүн карап жаткандыктан сизден жардам сурайбыз", - деген алар.