Президент “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 27-майда президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын жарлыгында мындай деп белгиленет:

"Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш. Бирок бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда.

XX кылымдын башында дүйнөнү бөлүштүрүү үчүн ири империялардын күрөшү кыргыздардын жана Түркстандагы башка элдердин да абалына терс таасирин тийгизди. Орусия империясынын колониалдык катаал саясаты падыша чиновниктеринин жана жергиликтүү төбөлдөрдүн элге кылган кыянаттыгынын айынан ого бетер күчөгөн. Түркстан крайынын көчүрүү башкармалыгы жүргүзгөн жер саясатынын маңызы колониялаштыруу үчүн жерлерди бошотууга багытталып, ал 1916-жылдагы окуялардын түпкү социалдык-экономикалык себеби болуп калды.

Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен падышалык саясатка болгон нааразычылык улуттук боштондук кыймылын күчөттү. Түркстандагы жергиликтүү калкты аскердик-ооруктук жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышанын жарлыгы жапырт каршылык көрсөтүүгө тикелей түрткү болду. 1916-жылдын 4-июлунда Кожент шаарында тажиктер, кыргыздар, өзбектер жана Фергана өрөөнүндөгү башка элдер алгачкы толкундоолорду баштаган. Андан көп өтпөй ар кандай калктуу конуштардагы кагылышуулар бүткүл Түркстанды кучагына алган. Анын кесепетинен жергиликтүү калк жана орус келгиндери жабыр тартышкан.

Кыргыз мамлекетиндеги массалык толкундоолор көтөрүлүшкө айланган, бирок ал орус элине эмес, падышачылыктын колониалдык саясатына каршы болгон. Кыргыздардын көтөрүлүшүн башка этностор да колдогон. Ысык-Көлдө орус дыйкандарынын падыша аскерлерине каршы ок аткан учурлары белгиленген.

Түркстандын бүткүл аймагы боюнча падышалык жазалоочу отряддар бул көтөрүлүштү мыкаачылык менен баскан. Алар Жети-Суу облусунда өзгөчө мыкаачылык кылышты. Ошол кезде азыркы Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашаган кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү жанын сактап Кытайга качууга аргасыз болушту. Качкындарды куугунга алышкан. Бул куугундан, анын ичинде ачкачылыктан жана суукка тоңуп жүз миңдеген адамдар каза болушкан. Бул каргашалуу окуялардын кесепетинен, тарыхчыларыбыздын пикири боюнча, ушул аймактагы жергиликтүү калктын саны 40 пайызга азайган. Ашууларда каза болгондордун сөөктөрү азыркыга чейин жерге берилбей калууда.

Бул каргаша Орусиянын прогрессивдүү күчтөрүнүн жигердүү кийлигишүүсү менен токтотулду. Түркстандагы кырдаал Орусия империясынын Мамлекеттик Думасында каралган. Александр Керенский жетектеген депутаттык комиссия келген. Комиссиянын ишинин натыйжасы боюнча региондогу колониалдык саясат катуу сынга алынган. Мамлекеттик Думада 1916-жылдын 15-декабрында А.Керенский билдирген жазалоо отряддарынын кылган иштери жөнүндө маалымат депутаттардын кескин нааразычылыгын пайда кылган. Парламентарийлер бул окуяларды кылмыш катары баалап, ал үчүн император Николай II баш болгон күнөөлүүлөр жазага тартылууга тийиш дешкен. Падышалык Орусиянын саясий элитасынын көпчүлүк бөлүгү А.Керенскийдин комиссиясынын корутундуларын колдоого алган.

1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары кыргыздардын абалын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Советтик бийлик орногондон кийин жанын сактап калган качкындарга Кытайдан кыргыз жерине кайтып келүүсүнө шарттар түзүлдү.

Падышалык бийликтен айырмаланып, советтик бийлик кыргыздардын жана Түркстандагы башка элдердин улуттук өнүгүүсүнө кеңири жол ачты. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна негиз салынды. Кыргыз жергесинде жаңы турмуш башталды. Борбордон жиберилген адистер индустриализацияны ишке ашырууга жана маданий революцияны жүргүзүүгө зор салым кошушту. Эгерде советтик бийлик орногонго чейин жергиликтүү калктын сабаттуулары болжол менен 1 пайызды түзсө, 20 жылдан кийин алардын саны 70 пайызга чейин көбөйдү. Кыргыз жеринде профессионалдык искусство пайда болду, кыргыз тили жана маданияты өнүгүүнүн жаңы жогорку деңгээлине көтөрүлдү.

Кыргыз мамлекетинин эли улуттук саясаттын түп-тамырынан бери өзгөргөндүгүн жакшы кабыл алгандыгын Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке кыргыз элинин кошкон салымы айгинелеп турат. Фронтко болжол менен 365 миң адам барган. Согушка өз ыктыяры менен кеткендер көп болгон. Кыргыз мамлекетинин эли бул согушту өзүнүн башына түшкөн кайгы катары кабыл алды. Согуштун алгачкы айларында эле кыргыз мамлекетине 140 миң адам эвакуацияланды, ал эми согуш жылдарында республикабызга 300 миңден ашык адам жер которуп келген.

1991-жылы мамлекеттик көз карандысыздык алгандан бери Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендигин ырааттуу түрдө бекемдеп жатат. Кыргыз мамлекети чет өлкөлөр менен, анын ичинде Орусия менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алып, өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирикмесине кошулуусу региондогу интеграциялык процесстердин ийгиликтүү өтүп жатканына далил болот.

Ушуну менен катар эле узак убакыт бою 1916-жыл трагедиясын унуткаруу боюнча ката саясат жүргүзүлүп келген. Акыркы эки он жылдыктагы жарандык коомдун ушул жааттагы айрым демилгелери иш жүзүндө мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечим түрүндө колдоо тапкан эмес. Анын натыйжасында 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү, ашууларда каза болгон качкындардын сөөктөрүн жерге берүү, ошол жылы набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу маселелери чечилбей калган.

Кыргыз Республикасында мамлекетти жана элдин биримдигин бекемдөө ишин илгерилетүү, өлкө тарыхындагы жазыла элек барактарды толтуруу, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында токтом кылынат:

1.Үркүндүн жүрүшүндө набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн өлкөнүн тарыхындагы жана кыргыз мамлекетинин курулушундагы татыктуу ордун аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин ыйык милдети деп эсептелсин.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планында төмөнкүлөрдү кароо сунушталсын:

– 1916-жылдагы каргашада адамдар массалык түрдө каза болгон жерлердеги адамдардын сөөктөрүн жерге берүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу;

– Бишкек шаарында эстеликти, ошондой эле адамдардын сөөктөрү коюлган жерлерде обелисктерди орнотуу менен 1916-жылдагы окуяларда набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо;

– 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын базасында курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген жумушчу топту (мындан ары – жумушчу топ) түзүү, ошондой эле ушул маселе боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү;

– Кыргыз мамлекетинин элинин биримдигин бекемдөө, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо идеяларын жайылтуу боюнча жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;

– ушул жарлыктын жоболорун аткаруу менен байланышкан иш-чараларды жүзгө ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүү.

3. 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына арналган социалдык демилгелерди колдоо үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнсүн:

– 3 000 000 (үч миллион) сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө – ашууларда каза болгондордун сөөктөрүн жерге берүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана мамлекеттик башка органдар менен бирдикте аткаруу үчүн;

– 5 000 000 (беш миллион) сом Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – 1916-жылдагы окуяларда набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу демилгелерди колдоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн;

– 2 000 000 (эки миллион) сом – Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондуна – 1916-жылдагы окуялар боюнча архивдик жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, ошондой эле анын корутундуларын жана тыянактарын жайылтуу боюнча демилгелерди колдоо үчүн.

4. Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан