Бүгүн, 28-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариевди кабыл алды.
Сариев президентке өкмөттүн энергетикадагы тарифтик саясаты, республиканын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү, үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, электр энергиясына болгон таңсыктыкты жабуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Премьер-министрдин
сөзү боюнча, 2014-жылдын ноябрында бекитилген “2014-2017-жылдарга электр жана
жылуулук энергиясына орто мөөнөттүк тарифтик саясатына” ылайык, 2015-жылдын
1-июлунан тартып калк үчүн электр энергиясына болгон социалдык-багыттагы тариф
(айына 700 киловатт-саатка чейин)
1 киловатт-саат үчүн 70 тыйындан 84 тыйынга чейин
көтөрүлөт.
Кыргыз мамлекетинин энергетикалык тармагы туш келип жаткан маселелерди түшүнүү менен кабыл алгандыгын билдирип, Атамбаев ошондой болсо дагы чечимди кайра карап чыгууну өкмөткө сунуштады. Президент кышы катуу жана узакка созулган бийик тоолуу жерлердин жашоочуларына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы мындай деди: “Өкмөт энергоүнөмдөө саясатын улантууга тийиш. Жоготууларды кыскартуу боюнча ишти күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. Энергосектордо коррупцияны жоё тургандай систем түзүүгө жетишүү зарыл”.
Калк свети жок отурбашы керектигин кошумчалады. “Энергетиканы өнүктүрүү планын ишке ашырууну улантыш керек. Жаңы станцияларды куруп, иштеп жаткандарын модернизациялоо зарыл. Жаңы энергетикалык кубаттуулуксуз экономиканы чыңдоо жана элдин жашоосун жакшыртуу кыйын. Эгерде зарылчылык болсо, электр энергиясын экономикалык жактан өзүн актаган баада импорттоо зарыл. Эң негизгиси, кыргыз мамлекетинин элинин үйлөрүндө ар дайым свет болуп, калктын социалдык жактан начар корголгон катмары корголууга тийиш”,- деп баса белгиледи Атамбаев.