"Супер-Инфонун" Жалал-Абад облусу боюнча координатору Ардак грамота менен сыйланды
7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата бүгүн Жалал-Абад ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Малик Нурдинов "Супер-Инфонун" облус боюнча координатору Гүлжан Эшбаеваны Ардак грамота менен сыйлады. Ошондой эле маалыматты так жана өз убагында коомчулукка жеткирип тургандагы эмгеги үчүн Ардак грамота менен ЖТРКнын директору Куттумидин Базаркулов, 7-каналдын директорунун орун басары Азамат Абдиев, облустук "Аймак" гезитинин редактору Орозаалы Карасартов, "Азаттык" радиосунун кабарчысы Элеонора Мамбетшакирова жана Ырысбай Абдраимов, ЭлТРдин Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы Кыял Сабирахуновалар сыйланышты.