Биз социалдык тармакта

Египет туристтик визага өзгөртүү киргизди. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алышы керек?

Египет өз аймагына кирүү эрежелерин 1-ноябрдан тартып өзгөртөт. Тышкы иштер министрлиги бул кыргызстандыктарга дагы тиешелүү экенин билдирди.

  • Ал өлкөгө өз алдынча барууну көздөгөндөр кирүү визасын алдын ала Мисирдин Астана шаарындагы элчилиги же анын чет өлкөлөрдөгү башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу тариздеп, Египеттин коопсуздук органдарынын алдын ала макулдугун алууга тийиш.
  • Туристтик компаниялар аркылуу барган 16 жаштан 40 жашка чейинки адамдар жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири, тактап айтканда, атасы, апасы, күйөөсү же жубайы же баласынын коштоосунда саякаттоого тийиш.
  • Саякатчылардын жанында кеминде 3000 доллар өлчөмүндө накталай акча болушу шарт. Үй-бүлө мүчөлөрү бирдиктүү топ катары чогуу саякаттаган учурда бир үй-бүлөгө талап кылынган накталай акчанын минималдуу суммасы 5000 долларды түзөт.
  • Туристтик компаниялар саякатчылардын мобилдик телефон номерлерин, алардын чет өлкөлүк же египеттик номер экендигине карабастан, каттоого милдеттүү.
  • Туристтик топтор үчүн Египетте болуунун тиешелүү программасы алдын ала иштелип чыгууга тийиш.
  • Египетке келгенден кийин туристтик компаниялар туристтердин паспортторун сактоого алып, өлкөдөн чыгып жатканда ээлерине кайтарып берүүгө милдеттүү.
  • Эгерде туристтик топтун катышуучусу туристтик программада белгиленген күнү өлкөдөн чыгып кетпесе, туристтик компания бул тууралуу Египеттин тиешелүү ыйгарым укуктуу органына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
  • Саякатчыларга туристтик визада көрсөтүлгөн өлкөгө кирүү максатын башка максатка өзгөртүүгө жол берилбейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан