Абдумуталип Сагынбекке Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.
Бүгүн, 24-октябрда эле, тагыраагы, мунун алдында мамлекет башчысы үч дипломатка кичи элчи деген ранг ыйгарган.