Спорт - достук, ынтымак жана биримдик. Ош шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул мелдеш СССРдин бокс боюнча чеберлери, бир тууган ага-инилер
Абдували жана
Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналып, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия жана Кыргыз Республикасынын жети дубанынан келген боксчулар катышты.
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы дайыма спорт тармагын колдоп, көмөгүн көрсөтүп келет. Волейбол, футбол, улуттук ат оюндарын такай уюштуруп, элге сергек жашоо образын түзүү - партиянын негизги максаты. Бул ирет да Ош шаарында өткөн эл аралык бокс мелдешине "Өнүгүү-Прогресс" партиясы бараандуу салым көрсөтүп, жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктарды алып берди.