Кожомкул айылындагы мектепте чыккан өрт боюнча Чүй облустук милициясы маалымат берди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 29-октябрда саат 11:40 чамасында мектептин экинчи кабатынан чыкты.
"Ага электр жылыткыч батареясынын жарылышы себеп болгон. Окуучулар өз убагында эвакуацияланып, жабыркагандар катталган эмес. Өрт ӨКМ кызматкерлери тарабынан толугу менен өчүрүлдү",- деп кошумчалады милиция.